АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын
2024-жылынын 03-июлу №9/22
““1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасына субсидия бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамын жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен “1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымовдун билдүүрүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз IX сессиясы токтом кылат:
- “1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасына 886370(сегиз жүз сексен алты мин үч жүз жетимиш) сом субсидия (соц.фон. салык төлөмдөрү камтылган) жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |