АК-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 17/3
Ак-Тал айыл аймагынын таштанды акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын таштанды акыларынын тарифтерин 2023-жыл ичинде карап талкуулап Ак-Тал айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Тал айыл аймагынын таштанды акыларынын тарифтери 2023-жыл ичинен баштап түтүнгө жыл сайын 50 сомдон бекитилсин.
2. Көрүнгөн жерге өзүм билемдик кылып таштанды төккөн түтүн ээлерине мыйзам чегинде айып пул (штраф) салынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Абышбаевга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер,агрардык реформа , курулуш,транспорт жана байланыш боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрагасы: | Д.Алыбаев |