Редакцияот 03.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  IX сессиясынын

 

2024-жылынын 03-июлу №9/27

 

“Айры-Там айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө”

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз IX сессиясы токтом кылат:

 

1.   Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттарынын Уставын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин;

 

2.   Айры-Там айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын;

 

3.   Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

4.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө жүктөлсүн;

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев