Редакцияот 03.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  IX сессиясынын

 

2024-жылынын 03-июлу №9/28

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу жөнүндө”

 

          Айры-Там айыл аймагынын чек ара заставасына аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу жана курал колдонуудагы чеберчилигин өркүндөтүү максатында, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Совет-Сай айылынын Ачы-Сай участкасынан жер аянтын 2030 аскер бөлүмүнүн “Май” чек ара застсвасына берүү жөнүндө, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз IX сессиясы токтом кылат:

 

1.    Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Совет-Сай айылынын Ачы-Сай участкасынан ок атууга пайдалануу үчүн кумдуу, таштак пайдаланылбай жаткан жер, “Май” чек ара заставасына мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;

 

2.    Жер аянтын чек ара заставасына мөөнөтсүз берүү жагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын;

 

3.    Берилген жер аянтын мыйзамдаштыруу, тийиштүү мекемелерден каттоодон өткөрүү жагы “Май” чек ара заставасынын башчысына милдеттендирилсин;

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;

 

 

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев