КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-октябры № 01-5/178
Манасов Ɵткүрбектин арызын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Калинин көчөсүнүн № 1/1 дареги боюнча жайгашкан турак жай эмес багыттагы(кампа) 8074,7м2 жер тилкесин турак жай куруу багытына өзгөртүүгө жазган арызы боюнча берген мэриянын кайрылуу катын шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, өнөр жай, жер, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы карап Манасов Ɵткүрбектин менчигиндеги турак жай эмес багыттагы(кампа) 8074,7м2 жер тилкеси өнөр жай багытында пайдаланууга калтырылсын деген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, өнөр жай, жер, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Калинин көчөсүнүн № 1/1 дареги боюнча жайгашкан Манасов Ɵткүрбектин менчигиндеги турак жай эмес багыттагы(кампа) 8074,7м2 жер тилкеси өзгөртүүсүз өнөр жай багытында пайдаланууга калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, өнөр жай, жер, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.А.Абдуразаков |