Редакцияот 11.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2021-жылдын 11-майы № 1/1

Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесинин 1-пунктуна жана Сары-Колот айылдык кеңешинин Сары-Колот VI шайланган депутаттарынын уюштуруу сессиясынын №1 протоколунун негизинде Сары-Колот айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагалыгына Сары-Колот айылдык кеңештин 21 мандаттуу Сары-Колот шайлоо округунун депутаты Молдоев Нургазы Ильязович шайлангандыгы белгиленсин.

 

2.Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин мыйзам чегинде аткаруу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Сары-Колот айылдык кеңештин 21 мандаттуу Сары-Колот шайлоо округунун депутаты Абдыкасымова Курманжан Абдыкасымовна шайлангандыгы белгиленсин.

 

4. Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары өзүнүн милдеттерин мыйзам чегинде аткаруу жагы милдеттендирилсин.

 

Сары-Колот

айылдык кеңешинин

жашы улуу депутаты :

 

 

К. Ботоярова