Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  X сессиясынын

 

2024-жылынын 06-августу №10/30

 

“Айры-Там - Жаңы-Шаар унаа жолдорун асфальтоо жөнүндө”

 

         Айры-Там - Жаңы-Шаар унаа жолдорун асфальтоо жана Жаңы-Шаар айылындагы көпүрөнү капиталдык ремонттоо боюнча Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз X сессиясы токтом кылат:

 

1.   Айры-Там - Жаңы-Шаар унаа жолдорун асфальтоо жана Жаңы-Шаар айылындагы көпүрөнү капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2450 000(эки миллион төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты КФ ОАО ПО “ВТ и СА” жоопкерчилиги чектелген коомунан суралсын;

 

2.   Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;

 

 

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев