КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги ХХ1Х-сессиясы
2023-жылдын 24-мартындагы № 29/2
Көк-Жаңгак шаарынын КМДнин 16.03.2023ж. № 01-06/5 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 17.03.2023 жылдагы № 9 протоколунун негизинде карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезектеги XXIХ-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндө жайгашкан ДЮСШ-2 мектебине караштуу спорттук залга № 30 сыр белгисин ыйгаруу жана 290,95м2 аянтын жана спорттук залдын 204,75м2 жалпы пайдалуу аянтын шаардык муниципалдык менчикке алуу менен бекитилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндө жайгашкан ДЮСШ-2 мектебине караштуу спорттук залдын кызматтык бөлмөсүнө № 31 сыр белгисин ыйгаруу жана 46,9м2 жалпы пайдалуу аянтын шаардык муниципалдык менчикке алуу менен бекитилсин.
3. Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндө жайгашкан 686,4м2 спорттук аянтчасын бекитип жана муниципалдык менчике алынсын.
4. Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндөгү № 6 көп кабатуу үйдөгү ДЮСШ-2 кызматтык болумчөсүнө № 34 сыр белгисин ыйгаруу менен муниципалдык менчике алуу жана 64,9м2 жалпы пайдалуу аянттын бекитилсин.
5. Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндөгү № 6 көп кабатуу үйдөгү эски балдар консультациясындагы 1 батирине (Мөл-Булак) № 33 сыр белгисин ыйгаруу менен 53,8м2 аянттын бекитилсин.
6. Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндөгү № 6 көп кабатуу үйдөгү эски балдар консультациясындагы 1 батирине (ГОМ милиция бөлүмчөсү) № 32 сыр белгисин ыйгаруу менен 64,0м2 аянттын бекитилсин.
7. Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнин тиешелүү бөлүм башчысына жүктөлсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын вице-мэри О.Мамытовго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
|
Байдавлетов З. |