КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги ХХ1Х-сессиясы
2023-жылдын 24-мартындагы № 29/4
Көк-Жаңгак шаарынын 80-жылдык маарекесин өткөрүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кенештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарынын 80-жылдык маарекесин өткөрүү жөнүндө маселени карап чыгып шаардык кеңештин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезектеги XXIХ-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын 80-жылдык маарекесин 2023-жылдын 27 май
саат 10 ºº до Көк-Жаңгак шаарынын борбордук стадионунда өткөрүлсүн.
2. Өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы КР Финансы министрлигинин Көк-Жангак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго жүктөлсүн.
3. Көк-Жаңгак шаарынын 80-жылдык маарекесин өткөрүү жагы шаардык мэрияга жана маданият бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырам.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
|
Байдавлетов З. |