Редакцияот 19.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  XI сессиясынын

 

2024-жылынын 19-августу №11/32

 

“Техника сатып алуу жөнүндө”

 

         Айыл аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүдө, техникалык базаны чыңдоо үчүн эксковатор погрузчик сатып алуу максатында, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин колдоосу менен айылдык кеңештин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз XI сессиясы токтом кылат:

 

  1. Айыл аймакка эксковатор погрузчик сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 750 000(жети жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратыдып берилсин;

 

  1. Кош каржылоо үчүн Ала-Бука өнүктүрүү фондунан 4 000 000(төрт миллион) сом акча каражаты суралсын;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;

 

 

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев