Редакцияот 19.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  XI сессиясынын

 

2024-жылынын 19-августу №11/33

 

“Участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө”

 

          “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375- токтому менен бекитилген, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна, ылайык Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз XI сессиясы токтом кылат:

 

1.     Айры-Там айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын курамына, алардын саны участкалык шайлоо комиссиялары боюнча мүчөлөрүнүн санынан ашпаган талапкерлерге ылайык киргизилсин;(тиркемеге ылайык)

 

2.     Жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлеринен резерв түзулсүн;(тиркемеге ылайык)

 

3.     Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;

 

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев