Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  XI сессиясынын

 

2024-жылынын 19-августу №11/34

 

“Совет-Сай таза суу ишканасына субсидия бөлүп берүү жөнүндө”

 

         Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамын жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Совет-Сай таза суу ишканасынын жетекчисинин билдүүрүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз XII сессиясы токтом кылат:

 

1.    Жаңы-Шаар , Ажек, Айры-Там айылдарына таза суу линияларын тартуу, таза суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында Совет-Сай таза суу ишканасына 930 000(тогуз жүз отуз миң) сом акча каражаты атайын каражаттар эсебинен субсидия катары бөлүнүп берилсин;

 

2.    Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;

 

3.    Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;

 

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев