Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  XII сессиясынын

 

2024-жылынын 04-сентябры №11/35

 

“Көчөлөргө ат коюу жөнүндө”

 

          Айры-Там айыл аймагындагы Ажек айылындагы мурдагы ЛПП көчөсүнө Жибек-Жолу деп атоо боюнча сунушту колго салуу жөнүндө, Айры-Там айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезектеги XII сессиясы токтом кылат:

 

  1. Ажек айылындагы мурдагы ЛПП көчөсүн, Жибек-Жолу көчөсү деп атоо сунушу колго алынсын;

 

  1. Имараттардын аталыштары, өзгөртүлгөн аталыштарды жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ат ыйгаруу жаатындагы чечимдер, Айры-Там айылдык Кеңешинин сессиясынын чечими менен, Ат коюу боюнча ЖОБОнун 8,9,10,11- беренелериндеги шарттардын негизиндн аткарылсын;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;

 

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев