Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  XII сессиясынын

 

2024-жылынын 04-сентябры №12/38

 

“Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бала-бакчаларын азык-түүлүк менен камсыз кылуу максатында атайын каражатына акча каражатын кошуу жөнүндө”

 

          Азык-түүлүк бааларынын кескин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу атайын каражат эсебине акча каражатын кошуу жөнүндө айыл өкмөтүндөгү балдар бакчаларында 2024-жылдын 3-сентябрь күну өткөрүлгөн, ата-энелер чогулушунун протоколдору менен таанышып чыгып, талкуулап, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен бирге, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:

 

1.     Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүно караштуу бала-бакчаларды тамак менен камсыз кылуу максатында атайын каражатына 1100,0(бир миллион бир жүз миң) сом акча каражаты кошулсун;

 

2.     Бала-бакчадагы ар бир баланын бир айлык тамак -аш төлөмүнүн баасы орточо эсеп менен 1500 (бир миң беш жүз) сомдон белгиленсин;

 

3.     Атайын каражат эсебиндеги акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы Айры-Там айыл аймагынын башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин;

 

4.     Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

5.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев