Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  XII сессиясынын

 

2024-жылынын 04-сентябры №12/39

 

“Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдын IV кварталында иштетилбеген акча каражатын иштетилүүчү статьяларга которуу жөнүндө”

 

         Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдын IV кварталында иштетилбеген акча каражатын иштетилүүчү статьяларга которуу жөнүндө, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:

 

1.    Айры-Там айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын IV кварталындагы иштетилбеген акча каражаты, иштетилүүчү статьяларга которулсун;

 

2.    Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзам чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;

 

3.    Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев