САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 14-сентябры № 3/1
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109, 115- беренесинин негизинде Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Орозбаеванын жана айылдык кеңештин алдындагы бюджет бооюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп, талкуулап Сары-Колот айылдык кеңешинин III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9 айга күтүлүүчү салыктардын киреше салыгынан ашыкча түшкөн 600,0 (алты жүз миң) сом акча каражатын төмөндөгүдөй статьяга 70921 бөлүмүнүн 3111 статьясына Присавай айылындагы №128 Тентибай Кадырбаев атындагы негизги мектебинин жылытуу системасына 600,0 миң сомду бөлүп жана 2021-жылдын бюджетине каралып, бирок кээ бир статьяларында үнөмдөлгөн акча каражаттарын статьяларга бөлүштүрүп иштетүүгө уруксат берилсин.
2. 70111 бөлүмүнүн 2222 статьясынан-100,0 сом, 3112 статьясынан- 50,0 миң сом, 70629 бөлүмүнүн 2215 статьясынан-185,0 миң сом, 70825 бөлүмүнүн 2215 статьясынан-149,0 миң сом, 70921 бөлүмүнүн 2224 статьясынан -366,0 миң сом акчаны жалпысы 850,0 миң сомду муктаждыктарга байланыштуу Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Сары-Колот айылындагы спорттук аянтчанын жана Ак-Колот айылынан келүүчү латоктун проект- сметалык иш кагаздарын даярдоого 300,0 миң сомду 70926 бөлүмүнүн 2215 статьясына, Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара, Турк маала, Тынчтык айылдарынын ички көчөлөрүнө шебень төгүүгө 125,0 миң сомду 70629 бөлүмүнүн 2221 статьясына, Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу Шералы, Тойчу, Торойчу, Бөрүлүк, Курбан-Кара, Турк маала Тынчтык айылдарына столба орнотууга 264,0 мин сомду 70629 бөлүмүнүн 3111 статясына, айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №128 негизги мектептин жылытуу сиситемасына 50,0 сомду 70921 бөлүмүнүн 3111 статьясына, Сары-Колот айылындагы мектептердин ар түрдүү чыгымдарына 96,0 миң сомду 70921 бөлүмүнүн 2215 статьясына , ал эми чарбалык иштерине 15,0 миң сомду 2222 статьясына жалпысы 850,0 миң сомду жылдырып иштетүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Орозбаеванын жана айылдык кеңештин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |