САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 14-сентябры № 3/2
КБФунун жерлерин ижарага берүүнү токтотуу жана мөөнөтү бүткөн ижара келишимдерин кайрадан түзбөө жөнүндө
Сары-Колот айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин максаттуу жана муктаждыктарды жоюу максатында жерлерди кайрадан ижарага берүүнү токтотуу сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сары-Колот айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун ижара мөөнөтү бүткөн жерлерин мындан ары ижарага бербөө, максатуу жана муктаждыктарды жоюу максатында түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү бүткөндөрүнө кайрадан келишим түзүү токтотулсун.
2. Айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисине жана ижарага берүү боюнча бухгалтерине ижара келишимдеринин мөөнөтүн жана жерлерин тактап чыгуу милдети жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |