Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин

2-сессиясынын

2024-жылдын 20-марты № 5

“Таза Булак” муниципалдык ишканасын (МИ) уюштуруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” № 370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомунун негизинде

Айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө “Таза Булак” муниципалдык ишканасын (мындан ары - МИ) уюштурууга макулдук берилсин.

2. “Таза Булак” МИнын негизги ишмердүүлүгүнө төмөнкүлөр киргизилсин:

- Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо;

- Жайыт жерлерин пайдаланууну көзөмөлдөө;

- Миң Булак айыл аймагын таштандылардан тазалоо жана мыйзамсыз таштанды жайларын жок кылуу;

- Көрүстөндөрдүн пайдалануусун көзөмөлдөө;

3. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы муниципалдык ишканалардын, сугат суусун пайдалануучулар ассоциациясынын, ичүүчү сууну пайдалануучалардын коомдук айылдык бирикмесинин, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүлкүн кабыл алып айылдык кеңештин макулдугу менен “Таза Булак” муниципалдык ишканасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Саркулов Б.К.