Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2022-жылдын 28-январы № 3/5

Аймактарда спирттик ичимдиктерге жана тамеки сатууга чектөө киргизүү жөнүндө

Сары-Колот айыл аймагындагы айыл башчылар жана имамдарынын кайрылуусунун негизинде айылдардагы комок-дүкөндөрдө спирттик ичимдиктерин сатууда чектөөсүз сатылып жаткандыгын жана аларга чектөө киргизүү менен ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, жаш өспүрүм балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында айылдык кеңештин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.Сары-Колот айыл аймагындагы бардык комок жана дүкөндөргө тамекини жана спирттик ичимдиктерин жашы 18 жашка чыга элек өспүрүм балдарга жана түнкү саат 22-00 дөн кийин спирттик ичимдиктерин сатууга катуу тыюу салынсын.

 

2. Көрсөтүлгөн убакытттан кийин жана жашы жете элек өспүрүм балдарга тамеки жана спирттик ичимдиктерин саткан сатуучуларга карата 5000 (Беш) миң сом өлчөмүндө айып пул салынсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары жана айыл башчыларга жүктөлсүн.

 

Сары-Колот айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Молдоев