Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 4- февралы № 37/VIII-29

 

 

Ивановка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин бекитүү, 2021-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2023-2024 жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесинин негизинде, Ивановка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаручу С.Н.Черненконун “Ивановка айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетин аткаруу жана 2022-жылга бюджетин бекитүү жана 2023-2024 жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап,

Ивановка айылдык кеңеши,

 

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.Бекитилсин:Ивановка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин планы 38 742 миң сом

*киреше бөлүмү боюнча 34 681,5 миң сом

*чыгаша бөлүмү боюнча 2022-жылга 34 681,5 миң сом

Анын ичинен бөлүмдөр:

Башкаруу аппараты- 9 087,4 миң сом

ПОМ -100,0 миң сом

Жайыт комитети–68,7 миң сом

ТЖКЧ –15 436,1 миң сом анын ичинен МИ "Ивановка айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты”- 5 654,0 тыс.сом

Китепкана–560,3 миң сом

Билим берүү –6 795,2 миң сом

Клуб–1434,8 миң сом

Социалдык камсыздандыруу –1200,0 миң  сом

* киреше боюнча атайын каражат 4061,0 миң сом

* чыгаша боюнча атайын каражат 4061,0 миң сом

ДОО-4061,0 тыс.сом

 

2. Бюджеттин эркин калдыктары 10551,5миң сом бекитилсин

“Аппарат” бөлүму 70111:

2215 беренеси (питание сотрудникам аппарата Иановка айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин тамактануусу)-1064,8 тыс.сом

2111беренеси (Ивановка айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине 4 сыйлык)- 884,5 тыс.сом

2111 беренеси (күзгү-кышкы сатып алуулар үчүн)- 287,5 тыс.сом

2121 беренеси (социалдык салымдар)- 303,8 тыс.сом

2215 беренеси (кызматкерлере зыяндык үчүн төлөм)- 592,3 тыс.сом

“ТЖКЧ” бөлүмү 70629:

3111 беренеси(Ивановка айылынын борбору)- 3500,0 тс.сом

3111 беренеси (Фурманова көчөсүнүн тротуары )- 1000,0 тыс.сом

3111 беренеси (“Беккари” чуңкуругу)- 1000,0 тыс.сом

2231 беренеси (электр энергиясы)- 42,1 тыс.сом

Инвестицияларды тартуу – 1879,5 тыс.сом

Атайын эсеп:

Мектепке чейин билим берүү бөлүмү -70911:

2218 беренеси (тамактануу)- 615,2 тыс.сом

“Аппарат” бөлүмү- 70111:

2215 беренеси (өкүлчүлүк чыгымдары)- 150,0 тыс.сом

Раздел “ЖКХ” – 70629:

2215 беренеси (айылдарды жакшыртуу )- 100,0 тыс.сом

3.Ивановка айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык түшкөн кирешелердин эсебинен чогултулат. Ивановка айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттин чыгашасын каржылоо №2, №3 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

4. 2022-жылга бюджетке салык агенттери тарабынан 100% өлчөмүндө төлөнүүчү киреше салыгынын пландуу түшүүлөрүнөн чегерүүлөрдүн ченеми, өз ыктыярдуу патенттин негизинде 100% салык, милдеттүү патенттин негизинде 100% салык, бирдиктүү салык 100%, жер казынасына салыктан 50% (роялти), бекитилсин.

5.Жактырылсын Ивановка айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу

- 2023-жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы-39 3628 миң сом

- 2024-жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы-39 813,8 миң сом

6. 2022-жылга каржылоо чыныгы чогулткан кирешеге жараша болоору аныкталсын. Анын ичинен биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, социалдык фондго төлөм, тамактануу, коммуналдык тейлөө) каржылансын.

7. Штаттык сандагы бош орундардын азайып же көбөйүшү муниципалдык мекемелерде кабыл алынган нормативдик актыларга байланыштуу, корголгон беренелердин чыгашалары азайышы же көбөйүшү мүмкүн.

 

8. Чыгаша беренесин максаттуу колдонуу жоопкерчилиги Ивановка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлөт.

 

9. 2021-жылда толук каржыланбай калган чыгашалар 2022-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.

 

10. Бекитилген бюджеттик каражаттардан жана атайын каражаттарынын сметасынан ашык түшкөн каражаттар, айылдык кеңештин макулдугу менен толугу менен айыл өкмөттүн карамагында калат.

 

11. Бюджеттик атайын каражаттарды казына тутумунан өтүп пайдаланууга тыюу салынсын.

 

12. Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысына ашык болжолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешенин чыгашадан көп болушуна байланыштуу 2022-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу айылдык кеңештин макулдугу менен берилсин.

13. Ивановка айыл өкмөтүнүн каржы-экономиканы бөлүмүнө жергиликтүү бюджетти аткаруу маалында, киреше бөлүмүн ашыкча аткарууда түшкөн ашыкча каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык иштерди аткаруу, улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, Ивановка айылдык кеңештин токтомдорун, муниципалдык кызматкерлерди сыйлоого, коммуналдык тейлөө төлөмдөрүн жабууга, зарыл убакта өзгөчө кырдаалдын абалын жок кылууга, ЖӨӨБ убактылуу каржылык жардамга, жана башка сатып алууларга жана чыгашаларга пайдалануу каралсын.

 

14. Ивановка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмү Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Мадиярова менен биргеликте:

- жыл башында бош калган каржы каражаттардын эсебинен 3 айлык маянанын өлчөмүндөгү эмгек акы (Нооруз, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнү) төлөп берүү каралсын.;

- аппараттын ар бир кызматкерине күзгү-кышкы сатып алуулар үчүн 12500 сомдон төлөп берүү каралсын;

- ишти баалоонун негизинде жылдын жыйынтыгы боюнча акчалай сыйлоо каралсын.

15.Ивановка айыл өкмөтүнүн аппаратынын эмгегин стимулдаштыруу максатында жыл башында бош калган каржы каражаттарынын эсебинен тамак-аш үчүн табелге ылайык иштеген күнүнө 200 сом төлөп берилсин.

 

16.Кем-карчтуу болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо тиричилигин жакшыртуу максатында арыздардын келип түшүшүнө жана турмуш тиричилиги изилденгенден кийин 2,0-5,0 миң сом эсебинде материалдык жардам көрсөтүлсүн, ал эми калган оор шарттарда каржылоо шартка жараша айылдык кеңештин макулдугу менен көбөйтүлсүн.

 

17. Өндүрүштүк керектөөлөргө байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлары ар бир айга лимит менен айыл өкмөттүн кызматтык автоунаасына 240 литр каралсын.

 

18. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысына жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ивановка айыл өкөмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерин жана жумушчуларын сыйлоо жана кызматтык эмгек акыны бекитүү, кошумча акы чектөө укугу сакталсын.

19. 2022-жылга мектепке чейинки мекемелерге (Иановка, ст.Ивановка бала бакчалары) ата-энелердин чогулткан атайын эсебинен күнүнө тамак-ашка 90 сом суммасында ар бир балага бекитилсин.

 

20. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Мадияровага жүктөлсүн.