Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  XII сессиясынын

 

2024-жылынын 04-сентябры №12/40

 

“Айры-Там айыл аймагына караштуу 30 га жайыт жана башка категориядагы жер аянттарын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө”

 

         Кыргыз Республикасынын “Суугат айдоо жерлеринин жарактуу жерлерин башка жөнүндө” мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак жай үйлөр курулуп калган Айры-Там айыл аймагына караштуу 30 га жайыт жана башка жер аянттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 сандуу токтомун карап чыгып, талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы №257 “Суугат айдоо жерлеринин жарактуу жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мароторий киргизүү жөнүндө” мыйзамы күчүнө киргенге чейин мыйзамсыз салынып кеткен турак жайлар;

 

Айры-Там айылындагы:

-          № 1373,1302 контурунда

 Ажек айылында

-          № 622,338,337,1028 контурунда

Совет-Сай айлында

-          № 942, 947, 948, 928,976, 649,1073, 922, 243, 849,875

Кара-Ункур айылында

-          №43,42,185 контурунан

Жаны-Шаар айылында

-          №1403,1358,1361,1336 контурунда

Алма-Бел айылында

-          № 493,392,516 контурунда

 Ак-Башат айылынан ,№ безконтур.

Жалпы 30 га жайыт жана башка категориядагы жер аянттарын калктуу конуштар жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрь №512 сандуу токтомунун негизинде айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;

 

 

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев