Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 4- февралы № 38/VIII-29

Таштандыларды чыгаруу кызматына тарифтерди жана административдик жазаларды бекитүү жөнүндө

 

Кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди жана административдик жазаларды карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, “Ивановка айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканасынын 2022жылдын 1-февралындагы кайрылуусун карап, 

 

Ивановка айылдык кеӊеши токтом кылат:

1.Мекемелерден айына таштандыларды чыгаруу баалары төмөнкүдөй бекитилсин:

ü  Павильондор – 150 сом                                         

ü  Дүкөндөр – 250 сом

ü  Кафе – 800 сом

ü  Башкалары (унаа жуучу жай) – 250 сом

1.     Үй чарбадан таштандыларды чыгарууга төмөнкүдөй баалар бекитилсин:

ü  Ивановка а., ст.Ивановка – жылына 360 сом

ü  Садовое а. – жылына 150 сом

           3. Автоунаанын кызмат көрсөтүү акы төлөмдөрү төмөнкүдөй бекитилсин:

ü  КАМАЗ жүктөө -500 сом; Газ-53, Зил-400 сом; Трактор – 350 сом.

4.     Таштандыларды (пиязды) полигонго өз алдынча жеткирүү үчүн төмөнкүдөй төлөм белгиленсин:

ü  бир унаа үчүн – 500 сом

           5. Жүктөө, ташып чыгаруу – 2000 сом (күл, курулуш таштандылары ж.б.) бекитилсин.

     6. Башка аймактын тургунун сөөгүн коюу – 20 000 сом.

     7. Администрациялык жаза чаралары белгиленсин:

ü  Белгисиз жерге таштандыларды чыгаруу үчүн - 5000 сом;

ü  Ичүүчү суу менен жеке участокторду сугаруу үчүн суу насосторун колдонуу үчүн - 5000 сом.

       8. 2017-жылдын 2-мартындагы № 16-ІІ -28 токтомунун 3-7-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

      9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

Г. Т.Самсалиева