Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 4-сессиясынын 3-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели №1

 

Бириктирилген Ак-Моюн айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө.

 

   IX чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 15- сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кенеши карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Бириктирилген Ак-Моюн айыл аймагынын чек арасын аныктоо. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын министирлер кабинетине караштуу Жер Ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргызмамжердолбоор мамлекеттик иш канасы тарабынан түзүлгөн. Ак- Моюн айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып,жана талкуулап Ак-Моюн айылдык кеңеши токтом чыгарып бергенге макулдук берилсин.

 

2. Ак-Моюн жана Ак-Муз айыл аймактарын бириктирип, Ак-Моюн айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ак-Моюн айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.

3. Бириктирилген Ак-Моюн айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

4. Ак-Моюн айыл өкүмөтүнүн сарайларга,чабан үйлөргө жана кыштолорго жер алган тургундарга жер аянттардын өлчөмун контур боюнча макулдук берилсин.

    

     5.  Кабыл алынган чечимдер боюнча тийешелүү документтердин топтомун белгиленген     тартипте Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына  даярдап берүү жагы Ак-Моюн айыл өкмөтунүн башчысы Н.Алакуновго милдеттендирилсин.

 

       6. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө   калтырам.    

 

 

 

.Төрага:

Ж. Алыбаев