Редакцияот 12.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын

 

2024-жылынын 12-августу №49

 

“Каргалык айыл аймагынын 2024-2028-жылдардагы социалдык- экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө”

 

         Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1- пунктуна ылайык,

 

Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)

кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Каргалык айыл аймагынын 2024-2028-жылдардагы социалдык- экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы жактырылсын.

 

  1. Каргалык айыл аймагынын 2024-2028-жылдардагы социалдык- экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы :

Т.И. Токтоболотов