Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 4- февралы № 39/VIII-29

Жергиликтүү бюджеттин өздүк каражаттарын бекитүү жана инвестиция тартуу боюнча демилгелүү-мониторинг тобун түзүү жөнүндө

 

       Ивановканын  № 4 мектептин директору Жуманалы к.Н. «Жергиликтүү бюджеттин өздүк каражаттарын бекитүү жана инвестиция алуу боюнча демилгелүү тобун түзүү жөнүндө»  маалыматын угуп жана талкуулап, » № 4 мектептин окуучуларына жжагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле «Менин жаңы мектебим» долбоорун Чүй облусун өнүктүрүү фондуна жөнөтүү максатында,

 

Ивановка айылдык кеӊеши

токтом кылат:

1.      «Менин жаңы мектебим» долбоору бекитилсин.

2.     Долбоорду конкурска катышуу үчүн Чүй облусун өнүктүрүү фондуна жөнөтүлсүн.

3.     «Менин жаңы мектебим» долбооруна жергиликтүү бюджеттин салымы 393 798 (үч жүз токсон үч миң жети жүз токсон сегиз) сом каралсын.

4.     «Менин жаңы мектебим» долбоору боюнча демилгелүү жана мониторинг топтору бекитилсин.

5.     Демилгелүү топтун курамы:

1. Жуманалы к.Назгүл

2. Васикова С.В.

3. Жунушалиева Н.С.

Мониторинг жана баалоо тобунун курамы:

1. Черненко С.Н.

2. Васикова С.В.

3. Мааткеримов М.Т.

4. Абдыкулов З.Т.

5. Дүйшеев А.К.

         6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Г. Т.Самсалиева