АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 18-апрели №21/4
Ала-Бука айыл аймагындагы жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренсине ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн орун басары Н.Аскаровдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгынын негизинде жеке ишкерлерди колдоодо Кош-Көпүрө участогуна 160кВА электр чордонун (трансформатор) орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 400000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Акча каражаты менен өз убагында камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
|
А.Саттаров |