Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 18-апрели №21/2

 

Ала-Бука айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жашыл Мурас» улуттук иш-чарасынын аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренсине ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн орун басары Н.Аскаровдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл Мурас” улуттук иш чарасына карата Достук айылынын Комплекс участогунан бөлүнгөн 2,60га жер тилкесин тосмолоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 3350293 (үч млн үч жүз элүү миң эки жүз токсон үч ) сом акча каражаты ажыратылсын.

2. Акча каражаты менен өз убагында камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге жүктөлсүн.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

 

А.Саттаров