Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 18-апрели №21/1

 

“Айлана чөйрөнү жакшыртып, таштандыларды калктын керектөөсүнө пайдалануу” долбоорунун электр чубалгыларына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 11-пунктуна ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн орун басары Н.Аскаровдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы токтом кылат:

 

1. “Айлана чөйрөнү жакшыртып, таштандыларды калктын керектөөсүнө пайдалануу” долбоорунун электр чубалгыларын сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1754000 (бир млн жети жүз элүү төрт миң) сом акча каражаты ажыратылсын.

2. Акча каражаты менен өз убагында камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге жүктөлсүн.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

 

А.Саттаров