Редакцияот 02.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 2-ноябры № 50

 

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин сунушун кароо жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин 28.10.2022-жылдагы № 946 сунушунун негизинде

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин 28.10.2022-жылдагы № 946 сунушу, Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушу эске алынып төмөндөгү жер аяянттары Кыргыз Республикасынын жер кодексинин мыйзамдарына ылайык бөлүнүп берилсин .

- Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүн имаратын курууга жер аянты бөлөнүп берилсин.

- Камыш-Башы айылына бала бакча курууга жер аянты бөлөнүп берилсин.

- Айыл аймагыбызга өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча ишкана курууга жер аянты бөлөнүп берилсин.

- Өндүрүлгөн азык-түлүк жана мөмө жемиш азыктарын сактоого логистикалык борбор курууга жер аянты бөлөнүп берилсин.

- Ветеринардык даарыкана курууга 0,01 га жер аянты бөлөнүп берилсин.

- Ак-Бейит участкасынан мөмө-жемиш бак отургузууга жайыт жерден жер бөлүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан жарандарга 2 гектардан жер келишимдин негизинде 5 жылдык мөөнөт  менен арендага берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Боргемиковго жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевге тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенешинин

төрагасынын орун басары

 

М.Б. Суранбаева