Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айылдык кеңешинин 2-сессиясы

2024-жылдын 20-марты № 10

2024-жылга айылдык кеңештин штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө

Айылдык кеңештин төрагасы Б.К.Саркуловдун “2024-жылга айылдык кеңештин штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө” маалыматын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын  7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомунун негизинде

Айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Айылдык кеңештин аппараты боюнча 3(үч) штаттык бирдик бекитилсин:

- Айылдык кеңештин төрагасы – 1 бирдик;

- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы – 1 бирдик;

- Иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы – 1 бирдик;

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Саркулов