Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 563 токтомуна)
Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту берүү тартиби (мындан ары - Тартип) товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту (мындан ары - отчеттуулук) берүү тартибин, формасын жана мөөнөттөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасына ташып келинген товарларды пайдалануунун калдыктарына карата кайра иштетүүнүн белгиленген нормативдеринин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашырууну белгилейт.
2-глава. Отчеттуулукту берүүнүн тартиби
2. Отчеттуулук төмөнкүлөр тарабынан берилет:
а) товарларды өндүрүүчүлөр тарабынан төмөнкүлөргө карата:
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарлардын таңгагына;
б) товарларды импорттоочулар тарабынан төмөнкүлөргө карата:
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден импорттолгон товарларга;
- Кыргыз Республикасына үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жана тиешелүү бажы операцияларынан өткөн товарларга;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып келинген товарлардын таңгагына;
- Кыргыз Республикасына үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жана тиешелүү бажы операцияларынан өткөн товарлардын таңгагына.
3. Даяр товар катары көп жүгүртүлүүчү таңгакка карата отчеттуулук Кыргыз Республикасынын аймагында мындай таңгакты жүгүртүүгө чыгарган товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу тарабынан берилет.
4. Отчеттуулукту түзүүдө төмөнкүлөр эсепке алынбайт:
а) Кыргыз Республикасынан транзит аркылуу чыгарылуучу товарлар;
б) Кыргыз Республикасынан транзит аркылуу чыгарылуучу товарлардын таңгагы.
5. Отчеттуулуктун формасы товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар тарабынан ушул Тартиптин 1, 2-тиркемелерине ылайык толтурулат жана жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган электрондук документтер формасында калдыктарды эсепке алуу системасынын (мындан ары - калдыктарды эсепке алуу системасы) электрондук сервиси аркылуу берилет.
6. Электрондук формада отчеттуулукту берүүдө кагаз алып жүрүүчүдө отчеттуулукту кошумча берүү талап кылынбайт.
7. Отчеттуулукту электрондук формада берүүгө техникалык мүмкүнчүлүк болбогон учурда, отчеттуулук товарларды өндүрүүчүлөр жана товарларды импорттоочулар тарабынан кагаз алып жүрүүчүдө бир нускада жеке же почта менен жөнөтүү аркылуу (тиркелген документтердин тизими жана тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен) милдеттүү түрдө электрондук алып жүрүүчүдө көчүрмөсүн берүү менен берилет.
8. Электрондук формадагы отчеттуулукту кабыл алуу датасы болуп калдыктарды эсепке алуу системасынын электрондук сервистери аркылуу жөнөтүлгөн дата эсептелет.
Кагаз алып жүрүүчүдө отчеттуулукту кабыл алуу датасы болуп өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги операторунун (мындан ары - ӨКЖ оператору) кагаз алып жүрүүчүдө коюлуучу отчеттуулукту алгандыгы жөнүндө белгиде көрсөтүлгөн дата же почта менен жөнөтүлгөн дата эсептелет.
ӨКЖ оператору - Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык утилдештирүү жыйымынын төлөмдөрүн чогултууну жана башкарууну жүзөгө ашыруучу, товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнү камсыз кылуучу юридикалык жак.
9. Отчеттуулук берүү үчүн отчеттук мезгил болуп календардык жыл таанылат.
10. Отчеттук календардык жылдын ичинде товарларды өндүрүүчү же импорттоочу чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырып баштаган учурда отчеттук мезгил товарларды өндүрүүчүлөр же импорттоочулар болуп саналган жеке ишкер же юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөн датадан тартып эсептелет.
11. Отчеттуулук жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет.
3-глава. Отчеттуулукту берүүдө товарларды өндүрүүчүлөргө, товарларды импорттоочуларга коюлган талаптар
12. Товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар отчелуулукта көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын камсыз кылат.
13. Товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар кайра иштетүүнүн белгиленген нормативдеринин аткарылышын контролдоо максатында ӨКЖ операторунун суроо-талабы боюнча төмөнкүлөрдү берет:
а) "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 3-пунктунда каралган келишимдердин көчүрмөлөрүн;
б) ушул Тартиптин 3-тиркемесинин формасы боюнча калдыктарды кайра иштетүү актыларынын көчүрмөлөрүн.
14. Документтердин көчүрмөлөрү товарларды өндүрүүчү жана товарларды импорттоочу тарабынан ӨКЖ операторуна тиешелүү суроо-талапты алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жиберилет.
15. Ушул Тартиптин 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш, төмөнкүлөрдө көрсөтүлгөн учурда:
а) ушул Тартиптин 5-пунктунда - жөнөкөй электрондук кол тамга менен;
б) ушул Тартиптин 7-пунктунда - юридикалык жактын жетекчисинин же юридикалык жактын атынан иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактын кол тамгасы же болбосо жеке жактын же жеке ишкердин кол тамгасы жана мөөрү менен (бар болсо).