Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 6 сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 7/53

К3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

 

Күнтуу айыл аймагына караштуу, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы, үй жанындагы, короо-жай жана багбанчылык-чарбак жер  участокторунун  жана калктуу конуштардын жерлерине  жер салыгы, мүлк салыгынын зоналдык  К3 коэффициентинин 2,0 өлчөмдө  бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын  угуп жана талкуулап, Салык кодексинин 398-беренесинин 3,4-пунктуна жана 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык,  Күнтуу  айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Күнтуу айыл аймагына караштуу, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы, үй жанындагы, короо-жай жана багбанчылык-чарбак жер  участокторунун жана калктуу конуштардын жерлерине  жер салыгы, мүлк салыгынын зоналдык  К3 коэффициенти  2,0 өлчөмдө бекитилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышы Күнтуу  айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;

3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага

М.А. Тобоев