Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айылдык кеңешинин 4-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 16-апрели № 13

Миң-Булак айыл аймагындагы үлүш фондунун жерлерине ижара баасын бекитүү жөнүндө.

 

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Миң-Булак айыл аймагындагы үлүш фондунун жерлерине ижара баасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин толтуруу жана айыл чарба жерлеринин пайдалануусун оптимизациялоо максатында

Айылдык кеңеш токтом кылат :

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн үлүш ээлери пайдаланбай жаткан үлүш жерлерине ижара баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

–       1 га айдоо жерлери – 5000 (беш) миң сом;

–       1 га кайрак жерлери – 3000 (үч) миң сом;

2. Үлүш ээлери пайдаланбай жаткан үлүш жерлери мөөнөтү кыска ижара - 1(бир) жылга берилсин.

3. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмү үлүш ээлери пайдаланбай жаткан үлүш жерлерине келишим түзүүдө ушул бекитилген ижара баасын жетекчиликке алсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Саркулов Б.К.