Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 6 сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 7/57

Кум-шагыл карьерин иштетүү үчүн ижарага берүү жөнүндө

 

Күнтуу айыл аймагына караштуу Исмаил айылында жайгашкан №466 контурунда аянты 1,1га жер тилкесин, №467 контурунда аянты 0,5га жер тилкесин  куш-шагыл карьерин иштетүүгө ижарага берүү жөнүндө Исмаил айылынын тургуну М.Б. Суюналиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, 2024-жылдын 12-сентябрында Исмаил айылынын тургундарынын өткөзүлгөн жыйындын протоколунун негизинде, Күнтуу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Исмаил айылында жайгашкан №466 контурунда аянты 1,1га жер тилкесин, №467 контурунда аянты 0,5га жер тилкесин жер үстүндөгү кум-шагыл карьерин иштетүү үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин;

2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев мыйзам чегинде иш алып барсын;

3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.К. Чыныбаевке жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

Чыныбаев Р.К.