КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 10-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 18-январындагы № 10/1
2022-жылга карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 10-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын биринчи маселеси боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевдин 2022-жылга карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитүү жөнүндө берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджеттин кирешелер бөлүгү 13 317 200 ( он үч миллион үч жүз он жети миң эки жүз) сомго, чыгашалар бөлүгү 13 317 200 ( он үч миллион үч жүз он жети миң эки жүз) сомго бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |