КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 10-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 18-январындагы № 10/3
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылындагы Ак-Терек учаскасынан туризмди өнүктүрүү боюнча туристик этно база куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын тургуну жеке ишкер Арапбаев Абдилазиз Макеновичке Кайың-Талаа айылындагы Ак-Терек учаскасынан туризмди өнүктүрүү боюнча туристик этно база куруу үчүн 1 га жер сурап кайрылган билдирүүсү менен таанышып чыгып жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылын Ак-Терек учаскасынан туризмди өнүктүрүү боюнча туристик этно база куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Кызыл-Жар айылдык Кеңештеги агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |