Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 6 сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 7/60

Күнтуу айылында парк салуу жөнүндө

 

Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы 43-контурундагы жайыт багытындагы жер тилкесинен 40-сотых жер тилкесине парк салууга жана айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө Күнтуу айылынын тургуну Н. Садабаевтин арызын карап, талкуулап, Күнтуу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Күнтуу айылындагы 43-контурундагы жайыт багытындагы жер тилкеси трансформациядан өткөндөн кийин, 40-сотых жер тилкесине эс алуу жай салууга жана  айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин;

2. Күнтуу  айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев мыйзам чегинде иш алып барсын;

2. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага

М.А. Тобоев