Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 6 сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 7/61

Комиссия түзүү жөнүндө

 

ЖЧК “Кочмон Сити”  жана Кунтуу айыл өкмөтү тарабынан  2022-жылдын 14-октябрындагы кичи микрорайон салуу боюнча  түзүлгөн келишимге кошумча жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча комиссия түзүп берүүгө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин кайрылуусун угуп, талкуулап, Күнтуу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. ЖЧК “Кочмон Сити” жана Кунтуу айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылдын 14-октябрындагы кичи микрорайон салуу боюнча түзүлгөн келишимге кошумча жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:

- Тобоев М.А.- Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасы;

- Максутова А.К.- айылдык кеңешинин депутаты;

- Акматалиев А.- Күнтуу айылынын тургуну, активист;

- Кутманалиева Г.Р.- айылдык кеңешинин депутаты;

- Токтогонова Ж.Т.- айылдык кеңешинин депутаты;

2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев мыйзам чегинде иш алып барсын;

3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага

М.А. Тобоев