Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 6 сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 7/63

Бөлтөк тоосунан 24,9 гектар жер тилкесин “Ала-Арча” паркына өткөрүп берүү жөнүндө

 

2024-жылдын 6-майында болуп өткөн жыйында, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Омурзаковичти угуп жана Сокулук районунун  мамлекеттик администрациясынын келип түшкөн катты карап чыгып жана талкуулап, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы №454-тескемесин аткаруу алкагында Байтик Баатырдын ысымын түбөлүккө калтыруу, жагымдуу экологиялык чөйрөнү колдоо максатында жан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-17-беренелерине ылайык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23 беренесинин өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына  жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы 554 номери менен токтому бекитилген микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибине ылайык Күнтуу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Күнтуу айыл аймагына тиешелүү Бөлтөк тоосунан 24,90 гектар жер тилкеси “Ала-Арча” паркына микрокорук жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн берилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

М.А. Тобоев