АК-ЧИЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Чий айылдык кеңешинин ХVII сессиясы
2023-жылдын 13-мартындагы № 4
Ак-Чий айыл аймагында сугат суусунун пайдалануучуларынын жалпы суунун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Ак-Чий айыл аймагындагы сугат суусунун тарифтерин 2023-жыл ичинде карап талкуулап Ак-Чий айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Чий айыл аймагынын 2023-жылга сугат суусунун тарифтеринин акысы:
-биринчи жер сугат 1(бир) гектарга- 75 сом
-Экинчи кара сугат 1 (бир) гектарга -75 сом
-Биринчи беде,эспарцет сугат-1 (бир)-75 сом
-Экинчи беде,эспарцет сугат-1 (бир)-75 сом
2. Сугат суусуна шайланган мураптарга сугат суусун бөлүштүрүп берүү маалында жеринен барып тейлөө иштерин жүргүзүлсүн.
3. Сугат суусун өзүм билемдик кылып ,мураптын уруксаты жок жыгып алган дыйкандарга мыйзам чегинде айып пул (штраф) салынсын.
4. Бул токтомдогу каралган сууну берилишин Ак-Чий айыл аймагындагы суу бөлүштүргөн мураптарга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Жунусов |