Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 6 сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 7/64

Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты У.С. Дюшебаевтин

арызын кайра кароо жөнүндө

 

Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында №88 контурунда жайгашкан аянты 0,35 га жер тилкесин СИП панель чыгаруу цехин иштетүүгө  өнөр жай багытына которуп, мыйзамдаштырып берүү үчүн, №88 контурундагы аянты 0,32 га муниципалдык жер тилкесине парк салууга, №88 контурунда 0,45 га жер тилкесине муниципалдык техникаларды токтотуу үчүн У. С. Дюшебаевтин кайрылуусун угуп, талкуулап, Күнтуу айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында №88 контурунда жайгашкан аянты 0,35 га жер тилкесин СИП панель чыгаруу цехин иштетүүгө  өнөр жай багытына которуп, У.С. Дюшебаевге ижарага берүү үчүн келишимди мыйзамдаштырып берүүгө  макулдук берилсин;

2. Кызыл-Туу айылындагы №88 контурундагы аянты 0,32 га жер тилкесине муниципалдык парк салууга жана айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин;

3. Кызыл-Туу айылындагы №88 контурундагы 0,45 га муниципалдык жер тилкесинин документтерин мыйзамдаштырып ишкерлерге берүүгө макулдук берилсин;

4. Аталган №88 контурдагы жер тилкелеринин аянттарын тактап, документтерин мыйзамдаштырууга Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;

5. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага

М.А. Тобоев