Редакцияот 31.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 25 -сессиясынын

 

2023-жылдын 31-мартындагы № 25/1

 

2023-жылга карата жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2023-жылга карата жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2023-жылга карата жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 

-Айдоо (соко) 1 га. 1700 (бир миң жети жүз) сом, 25 литр күйүүчү май.

-Малалоо бир сыйрасы 1га. 600 (алты жүз) сом, 10 литр күйүүчү май.

-Планировка 1га. 600 (алты жүз) сом, 10 литр күйүүчү май.

-Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1 га. 700 (жети жүз) сом 15 литр күйүүчү май.

-Арык тартуу узундугуна карабай 200 (эки жүз) сом, 5 литр күйүүчү май.

-Эгин чабык (комбайн) 1 га. 1800 (бир миң сегиз жүз) сом, 25 литр күйүүчү май.

-Чөп чабык 1га. 1300 (бир миң үч жүз) сом, 10 литр күйүүчү май.

-Чөп таңгактоо бир даана таңгак 8 (сегиз) сом, 1га. жер аянтына 10 литр күйүүчү май.

-Эгин, чөп, саман тартып жеткирүү 1 рейсине 500 (беш жүз) сом, күйүүчү май алыстыгына жараша.

 

2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К. Сапарбек уулу