КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
2023-жылдын 31-мартындагы № 25/3
Кара-Суу айыл аймагында талаа жерин сугарууга суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында талаа жерин сугарууга суунун тарифин бекитүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын “Келечек-Кара-Суу” муниципалдык ишканасынын башчысы Н.Шериповдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагында талаа жерин сугарууга суунун тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Кара-Суу айыл аймагында 1 (бир) га талаа жерин сугарууга, суу акысы 250 (эки жүз элүү) сом.
2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын “Келечек-Кара-Суу” муниципалдык ишканасынын башчысы Н.Шериповго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Сапарбек уулу |