Редакцияот 03.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

2022-жылдын 3-августу № 7/ 7

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылынын тургуну Сүйүнбай уулу Асилбектин билдирүүсүн кароо жөнүндө

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылынын тургуну Сүйүнбай уулу Асилбектин билдирүүсүн угуп, талкуулап Курбан-Кара айылынын элинин инфраструктурасын көтөрүү, социалдык обьектилерди куруу максатында Сары-Колот айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Сары-Колот айыл аймагынын Курбан-Кара айылынын тургуну Сүйүнбай уулу Асилбекке өзүнүн 0,33 га жер тилкесине социалдык обьекттер мончо, чайкана курууга мыйзамдуулугун карап, жерин тактап уруксат берүү жагы Сары-Колот өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын жана тиешелүү иш кагаздарын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин курулуш мекемелери жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Сары-Колот айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н. Молдоев