КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын
2023-жылдын 21-июлундагы № 21-1
Бала бакчаны сатып алуу жонундо
Кызыл-Туу айылдык Кенешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жумабаевдин бала бакчаны сатып алуу жөнүндө корутундусунун, 2023-жылдын 23-январындагы “Түштүк жер реформалары” жоопкерчилиги чектелген коомунун баалоосунун жана Калчороев Чонондун макулдугунун негизинде, айыл окмот башчысы Т.Алимбековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылы 24-июнунда №94-б буйругу менен түзүлгөн комиссиянын токтому менен түзүлгөн аукциондук комиссиянын токтомунун негизинде, сатылып кеткен бала бакчаны Калчороев Чонондон 4 549 000 (төрт миллион беш жүз кырк тогуз мин) сомго сатып алууга уруксат берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын тактоо жагы айыл өкмөткө милдеттендерилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтомду расмий kуzуl-tuu.gos.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Айылдык кеңешинин катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
5. Токтом расмий сайтка жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.Төрөбеков |