Редакцияот 09.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2022-жылдын 9-ноябры № 8/5

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Т.Джунусовдун 2023-жылдын 4-ноябрь айындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» КР Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу боюнча типтүү эрежелерин бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн кароо жөнүндө

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Т. Джунусовдун 2023-жылдын 4-ноябрь айындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» КР Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу боюнча типтүү эрежелерин бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Сары-Колот айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Т.Джунусовдун 2023-жылдын 4-ноябрь айындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» КР Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү типтүү эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 Жарлыгынын аткарылышы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Т. Джунусовго жүктөлсүн.

 

Сары-Колот айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н. Молдоев

 

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин

2022-жылдын11-ноябрындагы

№8/5 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы

“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик

калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн иш аракеттер

ПЛАНЫ

 

№

Иш чаранын аталышы

Аткаруу

мөөнөтү

Аткарууга

жооптуулар

1

Тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу боюнча кызмат көрсөткөн “Тазалык” муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо.

 2023-жыл

жыл ичи

Айыл өкмөтү

2

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын калктын тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу,төлөм тартибин бекитүү, санитардык тазалоо иштерин өз убагында кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жогорулатуу

Ар дайым

Айыл өкмөтү,

Тазалык

мун.ишканасы

3

Тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштабоо жаатында калк арасында, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Ар дайым

Айыл өкмөтүнүн

аппарат

кызматкерлери

4

Катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу ( таштоо) боюнча жайларды жабуу, калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн өздөрү тарабынан калдыктарды иштетүү боюнча чыгымдарды “булгоочу төлөйт” принцибин киргизүү боюнча чараларды көрүү

2023-жыл

Айыл өкмөтү,

жергиликтүү

кеңеши менен

макулдашуу

иретинде

5

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү

Февраль-Май

Сары-Колот а.ө

6

Мекеме-ишканалардын имараттарын оңдоо-түзөө

2023-жыл

Мекеме

ишканалар.

7

Мекеме-ишканалардын имараттарынын айланасына гүлзарларды эгүү (11 имаратка)

Март-Май

Сары-Колот а.ө

жана мекеме иш

каналардын

кызматчылары

8

Көчөлөрдү, жөө жолдорду оңдоо, тазалоо, иретке келтирүү ,жол боюнда өскөн тикендерди ордуруу

2023-жыл

Сары-Колот а.ө

9

Арыктарды жана каналдарды тазалоо

2023-жыл

Сары-Колот а.ө

10

Тосмолорду, кашаларды оңдоо, орнотуу

Март-Май

Сары-Колот а.ө

11

Жол коопсуздугу боюнча жол боюндагы стандарттуу белгилерди жаңылоо жана жаңыдан орнотуу зебра жасоо.

Июль-июнь

ДЭП жа Сары-

Колот а.ө

12

Жол боюна айылдардын аталыштарын, насаат-накыл сөздөрдү камтыган жана 2023-жылдын аталышы боюнча көрнөктөрдү илүү

2023-жыл

Сары-Колот а.ө

13

Ишембиликке катышкан мекеме-уюмдарды,катышкан жарандарды ишембиликтерди уюштуруу үчүн эмеректер менен камсыздоо

2023-жыл

Сары-Колот а.ө

Башкы адис:

Т.Джунусов