АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 10-июну № 2
Алтын-Булак айылынын тургуну Атабаев Абдирахим Абдираимовичке “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын 5-чакырылыштагы 2-кезектеги сессиясы айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык жактан өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон айыл тургундарына “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени карап чыгып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Алтын-Булак айылдык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы Алтын-Булак айылынын тургуну Атабаев Абдирахим Абдираимовичке ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага : | Таштан уулу Табылды |