АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 3 сессиясы
2021-жылдын 4-августу № 5
Алыскы жайыттан эрте келген малдарга айып пул кароо жөнүндө
Алыскы жайыттан эрте келген малдарга айып пул кароо жана кезүү, тартип жөнүндө
Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алыскы жайлоого кеткен малдар сентябрь айынан эрте келбесин.Сентябрдан эрте келген малдарга: жылкы жана кара малга -1000 сом,койго-100 сомдон айып пул каралсын.
- эгинге түшкөн малдарга айып пул каралсын.
- созсуз турдо эгинге тушкон малдардын видео жана фото суроту болуусу зарыл.
- келтирилген чыгымды мал ээси ошол учурдагы баа менен данды же тоютту толоп берет.
- жайлоого жиберилбей үйдө калган саан малдар 25-августка чейин кезүү же бада болуп кайтарылсын, кезүүнү кайтарбай же жарым күндө кое берген кайтаруучуларга 3000 (үч миң) сомдон айып пул салынсын.
-эгерде айып пул төлөөчү адам төлөбөй тартип бузса, ал адам айыл өкмөттөн эч кандай документация ала албайт. Тартип бузуучу айып пулду дагы төлөйт жана дагы бир күн кезүү кезегин кайтарат.
2. Малын ички жайытта багам деген жарандар өз үлүшунөн чыгарбай багуусу зарыл.
- Башка жарандарга зыян келтирген учурда бекитилген тартипте жоопко тартылат.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Таштан уулу Т |