Редакцияот 04.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын (5-чакырылыштагы ) 3-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 4-августу № 7

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак айылына түнкү жарыктандыруларды орнотуу жөнүндө

Кыш мезгилинде күндүн кыскалыгынан окуучулар мектепке баруу үчүн үйлөрүнөн эрте чыгып ,жолдун карангылыгы окуучуларга кыйынчылыктарды жаратып жатат.Ошондуктан Сасык-Булак айылына түнкү жарыктандырууну коюу зарылчылыгы жаралууда.Түнкү жарыктандыруу коюу сунушун карап чыгып , Алтын-Булак айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Алтын-Булак айыл өкмөтүндөгү элдердин суроо талабы боюнча Сасык-Булак айылына түнкү жарыктандыруулар орнотулсун.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мырзахматовго жүктөлсүн.

 

Алтын-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Таштан уулу Табылды