АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын (5-чакырылыштагы ) кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 4-августу №9
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында ички көчөлөрдү асфальтоо жөнүндө
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча
комиссиянын сунушун карап чыгып, Алтын-Булак айылдык кеңешинин кезектеги
III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Чечебай айылынан Ж.Келдибаев көчөсүнөн 270 м, Кандава айылынан А.Белеков көчөсүнөн 260 м, Алтын-Булак айылынан А.Нурмаматов көчөсүнөн 320м, Таш-Башат айылынан Калыбаев А көчөсүнөн 150м жалпы 1000 (миң) метр ички көчөлөргө асфальт төшөөгө макулдук берилсин.
2. Алтын-Булак айыл өкмөтү тарабынан токтомду бекитип берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мырзахматовго жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Таштан уулу Табылды |